14.06.2018 16:30

ЖРТнын  жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллды № 70 мектеп-гимназиясынын окуучусу алган

ЖРТнын  жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллды  № 70 мектеп-гимназиясынын окуучусу алган

Жалпы республикалык тестирлөөнүн  жыйынтыгы боюнча гранттык орунга талапкер окуучулар аныкталды. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен кабарлашты. 

Билим берүү жана илим министрлиги, Жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча  өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларына  гранттык орунга талапкер алдыңкы  бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин жарыялады. 

ЖРТнын  жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллга  № 70 мектеп-гимназиясынын окуучусу Албанова Айлин ээ болгон. Ал 237 упай топтоп, аталган тизменин сап башынан орун алган. 

Андан кийинки орундарга автордук Е.Б Якир атындагы физика-математикалык №61 мектеп-лицейи, КРСУ орто мектеби жана Кыргыз-Түрк “Айчүрөк”  кыздар окуу- тарбия комплексинин окуучулары ээ болгон.